Коркунуч жаратпайт. Бишкекте табылган снаряддын чоо-жайы айтылды

Снаряд табылды деген маалыматтан кийин Улуттук гвардиянын аскерлери менен сапёрлору атайын иш-чараларды жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкекте табылган снаряд, болжолдуу маалыматтар боюнча, коркунуч жаратпайт жана окууга пайдаланууга арналган каражат. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыкта снаряд табылганы айтылып, милиционерлер аймакты курчоого алган.

"Жерине барган ыкчам-тергөө тобу снарядды тапкан. Улуттук гвардиянын аскерлери менен сапёрлору тиешелүү атайын иш-чараларды жүргүздү. Натыйжада, болжолдуу маалыматтар боюнча, снаряд коркунуч жаратпайт жана окууга пайдаланууга арналган каражат болуп саналат", — деп жазылган маалыматта.

Аталган факты Свердлов райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына түшүрүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөөгө чейинки иштер уланууда.
Red Centre борборунда бомба бар деп жалган маалымат берген киши аныкталды