БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектеги Свердлов районунун аймагынан снаряд табылганы айтылды, жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыкта снаряд жатат деген маалымат түшкөн.
"Свердлов району курчоого алынды. Тоголок Молдо көчөсү түндүгүнөн жана түштүгүнөн, Васильев көчөсү чыгышынан жана батышынан жабылды. Сапёрлор иштеп жатат", — деди Айтикул уулу.
Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Улан Жумаков да милиция кызматкерлери жеринде иш алып барып жатканын билдирип, кийинчерээк кененирээк маалымат берүүнү убадалады.