БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкекте "Жаратылыш дүйнөсүн мен китеп менен ачамын" аттуу "Китепканадагы түн" өтөт. Бул туурасында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык-маданий акция 20-май күнү саат 18.00дө башталат. Кирүү акысыз.
"Китепканадагы түн" акциясынын максаты окуу маданиятын өстүрүү жана жаш муундун китепке болгон кызыгуусун арттыруу, жаратылышты сактоонун маанилүүлүгүнө, жашыл мураска көңүлүн бурдуруу болуп саналат.
Анда адабий конкурстарды жана викториналарды, оюндарды, концерттик номерлерди, театралдык оюндарды, китеп жарманкесин өткөрөт. Ошондой эле мекеменин китеп сактоочу жайына уникалдуу экскурсия уюштурулат.
Китепкана түнүндө жалпысынан 50дөн ашык иш-чара өтүп, ага 3 000ден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.