Өкмөт базарларда ККМ колдонуу талабын жокко чыгарууну карап жатат

График боюнча базарлар 1-августка чейин ККМ менен соода кылууга өтүшү керек эле.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Базарларда көзөмөл-кассалык машина (ККМ) менен иштөө талабын жокко чыгаруу каралып жатат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлигинин Салыктык саясат башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Исабеков билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомундагы график боюнча базарлар 1-августка чейин ККМ менен соода кылууга өтүшү талап кылынган.
"Бир катар соодагерлер менен жолугуп сүйлөштүк. Жумушчу топ түзүлүп, анын алкагында базарда иштегендер үчүн атайын өзүнчө салыктык тартип киргизүү маселеси каралууда", — деди Исабеков.
Аткаминер азырынча бул боюнча чечим чыга электигин, тиешелүү маалымат макулдашуудан кийин бериле турганын белгиледи.
Арзыбек Кожошев соода борборун кыдырып, ККМ боюнча түшүндүрүп берди