Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аксап, баштыгын сүйрөп... "Азовсталдан" чыккан туткундардын кезектеги видеосу

Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков өткөн суткада 694 киши туткунга түшкөнүн, алардын 29у жарадар экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Мариуполдогу "Азовсталь" заводунан чыккан украиналык аскерлердин топ-тобу менен туткунга түшкөн учурлары тартылган видеону жарыялады.
Аны РИА Новостинин Telegram-каналынан көрүүгө болот.
Кадрлардан заводдон чыгып келген согушкерлерди ошол жерде жүргөн россиялык аскерлер дыкаттык менен текшерип жаткандыгын көрүүгө болот. Видеого алардан улутчулдук символикалары чегилген татуировкалардын бар-жогун текшерип жатканы түшүп калган.
Туткундарды автобуска салгандан кийин сооттолгон техникалар менен коштоп кетишкен.
Шаршемби күнү Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков өткөн суткада 694 киши туткунга түшсө, алардын 29у жарадар экенин билдирген. Эки күндө жалпысынан 959 согушкер колго түшсө, алардын 80и жаракат алгандар болуп чыкты. Булардын ичинен 51 кишини ДЭРдеги Новоазовск ооруканасына жиберишкен.
Туткундалган украин жоокерлери кылмыштуу буйруктар тууралуу айтып берди. Видео