Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ сенатору: Вашингтон Украинанын айынан финансылык кыйроого кептелиши мүмкүн

Сенатор АКШ алгач өз экономикасын жөнгө салып, анан башка мамлекеттерге жардам бериши керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Украинага жардам беребиз деп жатып АКШ өзү финансылык кыйроого кабылышы ыктымал. Бул тууралуу сенатор Рэнд Пол Federalist басылмасына жазганын РИА Новости кабарлады.
Буга чейин саясатчы Киевге 40 миллиард доллар бөлүү боюнча конгресстеги мыйзам долбооруна макул болбой, добуш берүүгө бөгөт коюп койгон. Ал мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.
"Биз чет өлкөдөгү кезектеги чыр-чатакка катышуу менен өз өлкөбүздү банкрот кыла албайбыз. АКШ алгач өз экономикасын жөнгө салсын. Андан кийин гана башка мамлекеттерге жардам бергени оң", — деген Пол.
Республикачы коронавирус пандемиясынын кийин АКШнын инфляциясы акыркы 40 жыл ичинде эң жогорку чегине жеткенин белгилеген. Анын ичинде бензинге болгон баа былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге, мунай, газга болгон нарк 32 пайызга, азык-түлүктүкү тогуз пайызга кымбаттаган.
Полдун ою боюнча, мындай кырдаал АКШ өкмөтүнүн акчаны ойлонбой сарптаганынан улам жаралган.
"Улуттук коопсуздукка негизинен мамлекеттик карыз коркунуч жаратарын бир эмес, бир нече жолу айткам. Акыркы эки жылда эле АКШ мурдагыдан да көбүрөөк карыз алган", — деген депутат.
Анын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынса, Америка Украинага 2014-жылдан бери 60 миллиард доллар короткон болот. Бул Вашингтондун онкологиялык ооруларды изилдөөгө бөлгөн акчасынан 10 эсеге көп.
"Башка улуттун кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюу жакшылык менен бүтпөйт. Бул бир гана финансылык кыйроого алып келбестен, башка ири держава менен согушка кокустан аралашып калуу коркунучун туудурат", — деген ал.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 25-мартка карата Россиянын Куралдуу күчтөрү атайын операциянын биринчи этабынын негизги тапшырмаларын аткарып бүткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык дипломат: Москва өз позициясын коргоодо Вашингтондон озуп кетти