Жалал-Абад: бир жашар бөбөк калем саптын капкагын жутуп алып чарчап калды

Каза болгон бөбөктүн атасынын арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарында бир жаштагы наристе калем саптын капкагын жутуп алып чарчап калды. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Билдирмеге караганда, окуя кечээ, 17-май күнү болгон.
"Кечки саат 20:00 чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын 102 кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында бир жаштагы наристе үйүндө калем саптын капкагы менен ойноп жатып, кокусунан аны жутуп алганы айтылган. Балага аба жетпей кырсык болгон жерде чарчап калган", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Бирок каза болгон бөбөктүн атасынын арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартканы айтылды.
Ошто калем саптын капкагын жутуп алган 1-класстын окуучусу каза болду