Шыбынын бир бөлүгү урап түшкөн "Ош" аэропорту: себебин комиссия иликтейт

Суунун басымынан улам аэропорттун шыбынын бир бөлүгү талкаланып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Ош" аэропортунун бир бөлүгүн эмне себептен суу каптаганын жумушчу комиссия иликтейт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынан билдиришти.
Эске салсак, бүгүн "Ош" аэропортунда шыптын бир бөлүгү урап, залды суу каптады.

"Нөшөрлөп жааган жамгырдын жана катуу шамалдын кесепетинен аэровокзалдын (учуу, күтүү залдары) чатырынын астына суу агып кирген. Суунун басымы астында жеңил конструкциядагы шып талкаланып, бир нече жери урап түшкөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Саат 20:00дө жааган жамгырдын негизги кесепеттери жоюлду. Учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жаткан. Бардык каттамдар график боюнча аткарылууда.
ӨКМ: Чаткалда класстын шыбы урап түшүп, ичиндегилер ооруканага жөнөтүлдү. Сүрөт