Россиядагы заводдо "Москвич" аттуу электромобилдер чыгарылат

РФтин транспорт министринин айтымында, 2040-жылдан тарта дүйнөдөгү автоунаалардын дээрлик бардыгы электр кыймылдаткыч менен жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россиядагы заводдо "Москвич" аттуу электр кыймылдаткыч менен иштеген автоунаа чыгарылат. Бул тууралуу РФтин транспорт министри Виталий Савельев коомдук уюмдар уюштурган билим марафонунда билдирди.
Анын сүйлөгөнү "Пул №3" Telegram каналына жүктөлдү.
"Собянин (Москванын мэри) бизде "Москвич" чыгарыла турганын билдирди. Бул — электр кыймылдаткыч менен жүрө турган автоунаа. Серепчилердин пикиринде, 2040-жылдан тарта дүйнөдөгү автокөлүктөрдүн дээрлик бардыгы электр кыймылдаткыч менен жүрөт. Баары бул багытта иш алып барууда", — деди Савельев.
Буга чейин мэр Сергей Собянин Россияда мурдагы Renault заводунун базасында тарыхка айланган "Москвич" бренди менен жеңил унаалар чыгарыла турганын айткан. Ошондой эле аталган завод муниципалитеттин балансына өтмөкчү.
22-майда Бишкекте электромобилдердин фестивалы өтөт