Сарыбашев: өкмөт Оштун таза суусуна каралган 3 млн. долларды атайын бербей жатат

Депутаттын айтымында, жергиликтүү бийлик өз ишин аткарып, долбоорлорду даярдап бүткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ош шаарынын эли эртең, 19-майда, таза суу көйгөйүнөн улам митингге чыкканы жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашев билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өз ишин аткарып, долбоорлорду даярдап бүткөн. Бирок министрлер кабинети тарабынан даяр каражат бөлүнбөй жатат.

"Айласыздан митингге чыгабыз деп жатышат. Таза сууга каралган 3 миллион долларлык долбоор Жогорку Кеңештен ратификацияланган. Каражат өкмөттүн казынасында турат. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы же долбоорду өзүнө ыйгарып алайын дейби, түшүнбөй жатам. Акчаны тез арада бөлүп бербесе, Ош шаарынын эли аябай тынчсызданууда. Бардык нерсенин чеги болот. Таза суу көйгөйү да чегине жетти. Жамгыр себелесе эле иче турган суу токтоп калууда", — деди Сарыбашев.

Ошондой эле депутат элдин көчөгө чыгышын күтпөй алдын алуу чараларын көрүүгө чакырды.
Ош мэриясы суу тазалоочу технологияларды сыноо үчүн компанияларды чакырды