"Ош" аэропортунун шыбынын бир бөлүгү урап түшүп, залын суу каптады. Видео

Кыргызстандын түштүк борборунда катуу жамгыр жааган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөр залындагы шыптын бир бөлүгү нөшөрлөгөн жамгырдан улам урап түштү. Андан сырткары, залды шыптан шоргологон суу каптады.
Эске салсак, Кыргызстандын түштүк борборунда катуу жамгыр жааган. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан аталган фактыны тастыктап, ал жерде адистер иштеп жаткандыгын айтышты.
ӨКМ: Чаткалда класстын шыбы урап түшүп, ичиндегилер ооруканага жөнөтүлдү. Сүрөт