Радио

ӨКМ асман чырактарын массалык учурууга тыюу салат. Себеби

ӨКМдин өрт өчүрүү жана өрттү алдын алууну анализдөө бөлүмүнүн башчысы, подполковник Ренат Токталиев өрттүн чыгышын шарттаган жагдайды айтып берди.
Sputnik
Асман чырактарын учурууга тыюу салынат. Анткени андан жарандар жабыр тартып, зыянга учурашы ыктымал. Бул тууралуу Ренат Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин чет жакасында эки миңден ашык асман чыракты учуруу акциясынын өтөрү боюнча маалымат келип түшкөн.
"Асман чырактарды учурууга Өрт коопсуздугунун эрежесинин 228-беренеси тыюу салат. Тактап айтканда, ачык жагылган отту колдонуу менен башкарылбаган учуучу шамдарды учурууга тыюу салынат. Анткени мунун кесепети абдан кайгылуу болушу ыктымал. Эки миңден ашык асман чырактын ичинен бирөөнүн чатырына, чөбүнө, токойлорго түшүп калуу коркунучу бар. Токойдун өрттөнүүсү экологияга келтирилген зыян. Бул материалдык чыгымдарга, ал тургай адам өлүмүнө да алып келиши мүмкүн. Чет өлкөлөрдө асман шамдардан жабыр тартып каза тапкандар боюнча маалыматтар көп. Ошондуктан мындай акцияны өткөрүүгө тыюу салынат", — деди Токталиев.
Ошондой эле ал мындай акцияны өрт кызматынын көзөмөлүндө өткөрүүгө дагы мүмкүн эместигин кошумчалады.