155 млн. сомдук баңгизат: Кыргызстан менен Казакстанда атайын операция өттү. Видео

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Казакстандын атайын кызматы Орто Азияга синтетикалык баңгизаттарды интернет тармагы аркылуу ташып, саткан каналды жок кылды.
Sputnik
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, биргелешкен атайын операция эки өлкөнүн аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн.
"Аталган кылмышка шектелип жети адам кармалды. Алардын төртөө Казакстандын жараны болсо, үчөө кыргызстандыктар", — деп жазылат маалыматта.
Атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизат өндүргөн эки лаборатория жок кылынган.
Анда 31 килограмм 265 грамм баңгизат алынган:
"Альфа PVP" — 19,5 килограмм;
мефедрон — 6 килограмм;
гашиш — 5 килограмм;
марихуана — 765 килограмм.
Баңгизаттарды сатуудан болжол менен 155 миллион 545 миң сом (1,8 миллион доллар) түшкөнү айтылды.
Тема боюнча:
Аксыда кыргыз-өзбек чек арасынан баңгизат табылды