Жыл башынан бери ички дүӊ продукциянын көлөмү өстү

Статистика боюнча улуттук комитет жылдын баштапкы төрт айындагы ички дүң продукциянын көлөмү тууралуу маалымат таратты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) төрт ай ичинде (январь-апрель) 203 миллиард сомду түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 4,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди.
Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 189 миллиард сомго жетип, 3,5 пайызга өстү.
Өсүү темпи товар өндүрүү жана тейлөө секторунда байкалган. Мисалы, товар өндүрүү тармагында өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 7,8 пайызга, кызмат көрсөтүү жаатында 3,6 пайызга жогорулоо болгон. Баса, ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (47,2 пайыз) дал ушул кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келген. Ал эми өнөр жай, айыл чарба жана курулуш чөйрөлөрүндө 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу артка кетүү болгону айтылды.
Март айында Кыргызстанга акча которуу кескин кыскарды