1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай берүүгө тыюу салынат

Муниципалитет коомдук транспортто жол кирени кантип төлөш керектигин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. 1-июлдан тарта Бишкектеги автобус менен троллейбустарда жол кирени накталай берүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, бул учурда "Тулпар" долбоору толугу менен иштеп калат. Мэрия электрондук төлөм системасына элди акырындык менен өткөрүп жатканын айтып, буга эки жыл кеткенин белгиледи.

Төлөмдү кантип жүргүзүү керек?

Бул "Тулпардын" транспорттук картасы менен жасалат. Ал — стандарт, мектеп жана жеңилдетилген деген үч категориядан турат;
Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ карталары менен;
NFC виртуалдык картасы менен;
Тулпар жана Balance тиркемелерин QR-сканерлөө жолу менен;
Транспорттун кодун "Тулпар" тиркемесине киргизүү жолу аркылуу.
Бишкекте троллейбус, автобустарда жол кирени "Элкарт" менен төлөөгө болот