Министр Кулубаев РФ элчиси Удовиченко менен мигранттардын абалын талкуулады

Тараптар 26-27-майда Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны жана Биринчи Евразия экономикалык форуму тууралуу пикир алмашышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын ТИМ билдирди.
Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Россия соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуунун негизги маселелери талкууланганы айтылды. Мындан тышкары, аталган багыттар боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери жана Россияда эмгектенген КР жарандарынын актуалдуу көйгөйлөрү каралган.
"Министр Кулубаев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык мамилени жана стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу бекемдөө максатында бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар, анын ичинде 26-27-майда Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны жана Биринчи Евразия экономикалык форуму тууралуу пикир алмашышты.
Жапаров Путин менен жолугуп, соода жүгүртүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулады