Бул окуя АКШ лидери Ак үйдө сүйлөп жатканда болгон. Анын видеосун NBC News телеканалы жарыялады.
"Коомчулукта чагылдырылып жаткан Эй-Эй-Эн-Эйч… Эй-Пи-Ай… Ай-яй-яй-яй! Бул жерде ... Кошмо Штаттарында!" — деди Байден.
Бул АКШнын улгайган президентинин жаңылып коомчулуктун талкуусуна, кээ бирөөлөрдүн сынына кабылып жаткан биринчи учуру эмес. Жакында эле ал вице-президент Камала Харристи президент деп атап алып, бир топ кеп-сөзгө калган.
Мурда дагы Харристи бир нече ирет президент деп айткан. Ошондой эле Россия лидери Владимир Путиндин атын туура эмес айтып, Сирияны Ливия менен, Иракты Иран менен алмаштырган учурлары болгон.
Быйыл 80 жашка чыга турган Жозеф Байден — АКШнын башчыларынын тарыхындагы эң улгайган президент.