БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Өткөн суткада доллар менен евронун курсу төмөндөдү, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы менен алтын куймалардын наркы негизинен өзгөргөн жок.
Шейшемби күнү эртең мененки маалыматка ылайык, сатып алуу менен сатуунун орточо курсу 69 тыйынга төмөндөдү. Таблицада орточо курс көрсөтүлө турганын белгилей кетели, айрым банктарда доллардын баасы төмөн, айрымдарында жогору экени байкалды. Ал эми евро 19 тыйынга арзандады.
Рубль менен теңгенин курсу көп деле өзгөрбөгөндүгүн белгилей кетели. Күйүүчү жана майлоочу материалдын наркы мурдагыдай эле. 100 граммдык алтын куймалардын 3,6 миң сомго өскөндүгүн эске албаганда, калгандарында кымбаттоо жок.