БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Борбор калаанын эки районунда беш күн бою газ болбойт деп билдирди "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан.
Ага себеп — 23-27-май күндөрү бир катар жерлерде болгон оңдоо иштери жана аларды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо экендиги айтылды.
Газ убактылуу берилбей турган аймактар:
Ленин району: Садырбаев, Гагарин, Өмүракунов, Ашар, Лев Толстой (темир жол аймагы) көчөлөрүнүн бөлүктөрү;
Биринчи май району: Патрис Лумумба, Шиш-Төбе, Орозов жана кайрадан эле Лев Толстой көчөлөрүнүн бөлүктөрү;
"Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктары үчүн кечирим сурады.