БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте Эл аралык музей күнүнө карата “Музейдеги түн” акциясы болду.
Борбор калаанын бир нече музейинде түрдүү иш-чаралар уюштурулду. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Музейлердин күчү” деген темада ачык эшик күнү өттү. Каалоочулар экскурсияларга, лекцияларга, живопись жана скульптура боюнча мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Мындан тышкары, музейге келгендерге Гапар Айтиев менен Семён Чуйковдун юбилейлерине карата жаңыланган экспозиция, жарманке, заманбап искусство чеберлеринин лекциялары жана концерттик программа тартууланды.
Эл аралык музейлер күнүнө карата бул жерде Россия искусствосунун көргөзмөсү ачылды. Анда 18-19-кылымдагы, ошондой эле совет доорундагы сүрөтчүлөрдүн эмгектери бар. Бул көргөзмө музейде туруктуу болуп калмакчы.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Россия искусствосунун көргөзмөсүн колдоп, келгендерге көрүнүктүү сүрөтчү Борис Кустодиевдин 1919-жылы тартылган "Волгадагы кыз" картинасы тууралуу айтып берди.
Музей жетекчилиги иш-чарага колдоо көрсөткөн Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчисине ыраазычылык билдирди.