Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү

Мэриянын маалымат кызматы айдоочуларды автоунааларын бак-дарактын түбүнө токтотпоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 18 май — Sputnik. Жакынкы бир сааттын ичинде жана кечинде Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Мэриянын маалымат кызматы да шашылыш билдирүү таратып, айдоочуларды автоунааларын бак-дарактын түбүнө токтотпоого чакырды.
Нөшөрлөп жамгыр жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты