Бүгүн, 17-майда, Бишкекте республикалык "Достук" хор сынагынын гала-концерти өттү. Иш-чара "Ала-Тоо" аянтында Улуттук тарых музейинин алдында болгон.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган. Сынактын тандоо туру 16-майда өтүп, бүгүн гала-концерт жана сыйлык тапшыруу аземи болду. Жеңүүчүлөргө 70 миң, 75 миң жана 80 миң сом акчалай сыйлык тапшырылган.
Иш-чаранын алкагында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын камералык хору жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору концерт берди. Ошондой эле 12 хор коллективи бир учурда белгилүү чыгармаларды аткарышты.
Тема боюнча: