Бейшембиге карата аба ырайы

19-майга караган түнү кээ бир райондордо жамгыр катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Таласта +20...+25, Ысык-Көл жергесинде +15...+20, Нарын аймагында +16...+21 градус болору айтылды.
Бишкек менен Ош калаасында мезгил-мезгили менен өткүн өтөт. Термометр борбордо +24...+26, Ош шаарында +25...+27 градусту көрсөтөт.
Нөшөрлөп жамгыр жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты