Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аялдар, тапанчасын тапшыргандар... "Азовсталдагы" багынган согушкерлердин видеосу

Россияда тыюу салынган "Азов"* улуттук батальонунун согушкерлери жана Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринен турган 265 адам куралдарын тапшырды.
Sputnik
Белгилей кетсек, алар Мариуполдогу "Азовсталь" заводунда жумалап жашынып жатышкан. Согушкерлердин багынып, куралдарын тапшырган видеосун Россиянын Коргоо министрлиги жарыялады. Дарылоого муктаж болгондор ДЭРдин Новоазовскидеги ооруканасына жөнөтүлгөн. Эми аларды Россиянын Тергөө комитетинин кызматкерлери суракка алат.
Россиянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, бир сутка ичинде "Азовсталдан" украиналык 694 согушкер чыгып, багынып берген. Анын ичинде 29у жарадар болгондор. Арасынан аялдарды да көрүүгө болот.
Украина аскерлеринин багынып бергенин видеодон көрө аласыздар.
* "Азов" — РФте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
Тема бооюнча:
"Азовсталдагы" бомбадан коргонуучу жайлардын видеосу. Сейрек кадрлар