Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР башчысы: "Азовсталдагы" багынган украиналык согушкерлердин тагдырын сот чечет

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков "Азовсталь" комбинатында бекинген "Азов"* улуттук батальонунун 959 согушкери багынганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Азовсталь" заводунан чыгып, багынып берген украиналык согушкерлерди сот күтөт. Бул тууралуу Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилиндин айтымына таянып РИА Новости билдирди.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков 16-майда Мариуполдун "Азовсталь" комбинатында бекинген "Азов"* улуттук батальонунун 959 согушкери багынганын айткан.

"Аскердик кылмышкерлер менен улутчулдар боюнча айтсам, эгер алар куралдарын тапшырса, тагдырын сот чечет. Канчалык эмоциялар көрсөтүлбөсүн, куралдарын тапшыргандан кийин андан аркы тагдыры соттун колунда", — деген Пушилин.

2014-жылы ДЭР болуп жарыялангандан кийин 450 миң калкы бар Мариуполь республиканын Донецкиден кийинки эле ири шаары болгон. Бирок ошол эле жылдын июнь айында Украинанын күч түзүмдөрү шаарды өз көзөмөлүнө кайтарып алган.
7-март күнү Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан 12 күн өткөн соң "Восток" батальонунун командиринин орун басары Александр Семенов шаар курчоого алынып, райондору тазалана баштаганын билдирген. 16-апрель күнү РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенко шаардын аймагы Украинанын армиясынан, чет элдик жалданма аскерлерден жана "Азов"* полкундагы (Россияда бул согушкерлерге каршы иш козголгон) неонацисттерден бошотулганын кабарлаган. Украиналык топтун калганы "Азовсталь" комбинатында калып, курчоого алынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аялдар, тапанчасын тапшыргандар... "Азовсталдагы" багынган согушкерлердин видеосу