Терек-Сайдагы шыбы ураган класс: Жапаров башка мектептерди текшерүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы №18 орто мектепте класстын шыбы урап түшкөндүгүнө байланыштуу жыйын өткөрүп, өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
"Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды. Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле Терек-Сай айылындагы бардык имараттарды, мындан сырткары, республиканын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөнүн кабарлаган. Ал жактагы 16 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген.
Чаткалдагы шыбы ураган класс. Министрлик окуучулар жабыркабаганын билдирди