Уролог: заарасын кармай албаган аялдар жардам алуудан тартынбашы керек. Видео

Дарыгер зааранын токтобой калышынын негизги себеби төрөт жана ашыкча салмак экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Аялдар арасында зааранын токтобой калышы чоң көйгөй, бирок көбү жардам алуудан тартынат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уролог-андролог Нурбек Моңолов айтып берди.
Адистин билдиришинче, мындай көйгөй менен аялдар 30 жаштан кийин жабыркайт.
"Зааранын токтобой калышынын негизги себеби — төрөт жана ашыкча салмак. Аял кыйналып көз жарганда жана толуп кеткенде алаа булчуңдары бошоп, ички органдар ылдыйлайт. Бул — көпчүлүк айткысы келбеген чоң көйгөй. Аялдар чыдап жүрө беришет экен. Киши той-ашка баргандан качып калат", — деди дарыгер.
Моңолов аялдарды тартынбай уролог менен гинекологго кайрылууга чакырды.
Аял канча жашында эч нерседен коркпой төрөй берсе болот? Адистин пикири