Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги "Азовсталдан" чыккан туткундардын видеосун жарыялады

Кадрдан заводдон согушкерлер жарадарларын замбилге салып чыгып келе жатканын, аларды россиялык аскерлер дыкаттык менен текшерип жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
Россиянын Коргоо министрлиги Мариуполь шаарындагы "Азовсталда" жаткан украин аскерлери менен "Азов"* улутчулдар батальонунун согушкерлеринин туткунга түшүп берип жаткан видеосун жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Кадрдан заводдон согушкерлер жарадарларын замбилге салып чыгып келе жатканын, аларды россиялык аскерлер дыкаттык менен текшергенин көрүүгө болот. Андан соң автобустарга салып, ал эми жарадарларына россиялык медиктер биринчи медициналык жардам көрсөткөн.
Туткундардын чыгып келе жатканда дронго тартылган ирмемдери да тарады.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлигинин өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков бир сутканын ичинде "Азовсталдан" 265 согушкер чыгып, куралдарын тапшырганын билдирген. Алардын арасында оор жарадар 51 киши бар экендигин айткан. Дарыгерлердин жардамына муктаж болгондор Донецкидеги Новоазовск ооруканасына жиберилген.
* "Азов" — РФте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм