Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Европада баалар санкциядан соң өсүп, бирок күнөөлүүнү чет жактан издешүүдө

Россия президенти Европа кийинчерээк энергоресурстар абдан кымбат болгон аймакка айланарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Европалык союз россиялык энергоресурстардан баш тартып экономикалык аутодаф кылып жатат. Бул тууралуу Владимир Путин мунай тармагындагы абал боюнча кеңешмеде айтканын РИА Новости жазды.

"Бүгүн саясий түс берилген себептерден, керт баштын амбициясы жана америкалыктардын басымынан улам Европа өлкөлөрү нефть жана газ рыногунда улам жаңы санкцияларды киргизип жатат. Мунун баары инфляцияга алып келет, катасын моюнга алгандын ордуна алар күнөөлүүлөрдү чет жактан издеп жатат", — деген Путин.

Россия президенти Европа кийинчерээк энергоресурстар абдан кымбат болгон аймакка айланарын айтты.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан кийин Россияга бир катар санкцияларды салган. ЕБдин өлкөлөрү россиялык нефть менен газдан баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө эле издеп жатышат. ЕБдин санкцияларынын алтынчы пакети мунай эмбаргосун камтыган, бирок бир катар мамлекеттер, тагыраагы, Венгрия анын кабыл алынышына макул эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: ЕБ Россияга санкция сала берип, бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп бүттү