Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыш Украинага коопсуздук кепилдигин берүүгө даяр эмес

Сергей Лавров Украина Россия менен болгон согушта Батышка кол жоолук катары гана керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Москванын колунда Батыш Украинага коопсуздук кепилдигин берүүгө даяр эмес деген далилдер бар. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Биздин маалыматка караганда, Украина Батыштан коопсуздук кепилдигине кол коюуга даярбыз деген кепилдик ала элек", — деди министр.
Лавров Украина Россия менен болгон согушта Батыш үчүн кол жоолук катары гана керек деп эсептейт.
"Украина эч кимге керек эмес. Аны Батыш Россияга каршы турууда "керектөөчү материал" катары гана пайдаланат. АКШ менен Европанын максаты Украинаны бетке кармап алып, Россия менен согушуу эле. Анысын өздөрүнүн аттуу-баштуулары моюндап жатпайбы. Британиялыктар, америкалыктар, президенттер, премьер-министрлер "биз Россиянын жеңишине жол берүүгө акыбыз жок, Россия жеңилиши керек" деп айтып жатышат. Эгер бул нерсе эки өлкөнүн ортосундагы гана пикир келишпестик болсо, алардын эмнеге биздин жеңишибизге башы ооруйт эле? Бул Украина менен Россиянын ортосундагы эмес, Россия менен Батыштын ортосунда жарыяланган согуш", — деди Лавров.
Мындан улам эки сүйлөшүүлөрдө Украинаны ар дайым Вашингтон менен Лондон көзөмөлдөп жатканы айтылды.
"Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Вашингтон менен Лондон сүйлөшүүлөр учурунда Украинаны кол баладай колдонуп, башкарып жатат", — деди ТИМ жетекчиси.
Ошондой эле Лавров Евробиримдик акырындык менен НАТОнун көлөкөсүндө калып, ага кошулуп бара жатканын кошумчалады.
Буга мисал катары Германия жаңы өкмөттүн келиши менен өз алдынчалуулугун жоготконун, ал эми Франция стратегиялык эркиндигин илгерилетүүгө аракет кылып, бирок майнап чыгара албай жатканын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Иран Россия менен Украинага ортомчулук аракетин жандандыруу ниетинде