БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Украинадагы каатчылык дүйнөдөгү тартипти түп-тамырынан өзгөртүп, АКШ менен Батыштын үстөмдүгүнө чекит коюлууда деген ишенимди бекемдөөдө. Бул тууралуу Кытайдын Global Times гезити жазды.
Макалада кансыз согуш аяктагандан кийин АКШ Батыш үстөмдүк кылган системаны сактап калыш үчүн бардык каражатын колдонуп келгени, азыркы каатчылык жаңы эл аралык системанын жаралышын шарттай турганын жазган.
Фудань университетинин алдындагы Кытай институтунун жетекчиси Чжан Вэйвэй гезитке берген маегинде Россияны дүйнөдөгү тартипти өзгөртө турчу өлкө атап, революционер экенин билдирген. Анын ою боюнча, Москванын терең максаты бар. Ал — АКШ үстөмдүк кылган дүйнөлүк тартипти бузуп, жаңы, көп кырдуу түзүлүштү орнотууга умтулуу.
Эл аралык иликтөө боюнча Кытай институтундагы Азия-Тынч океан иликтөө департаментинин директорунун орун басары Чжан Тенцзюнь санкцияларды кыянаттык менен пайдаланып, аларды кысымга алуу каражаты катары колдонуу менен АКШ жана Батыш азыркы эл аралык финансы системасын каатчылыкка кептей турганын белгилеген.