Кыргызстандык ишкана Бириккен Араб Эмирлигине кой этин экспорттой баштады

Кыргызстандан барган эт араб өлкөлөрүндө экологиялык таза азык катары бааланары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандык "Каспар" ишканасы Бириккен Араб Эмирлигине кой этин экспорттой баштады. Бул туурасында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, алгачкы макулдашуу боюнча үч этап менен 15 тонна эт жөнөтөт. Ата мекендик компания Дубайдын Климаттык өзгөрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинен каттоодон өтүп, экспортко уруксат алган. Жакынкы аралыкта ай сайын 100дөн 150 тоннага чейин кой этин сатуу пландалууда.
Инвестициялар агенттиги Кыргызстандан чыккан эт Бириккен Араб Эмирлигинде экологиялык таза азык катары бааланарын белгиледи. Себеби өлкөдөгү койлор кеминде жарым жыл абасы таза жайыттарда багылат.
Россия сатып алган мыкты 10 кыргыз товары. Инфографика