Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Иран Россия менен Украинага ортомчулук аракетин жандандыруу ниетинде

Ирандын ТИМ өкүлү эки тарап тең алардын ортомчулугун кабыл алып жана олуттуу карап жатат деп билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Иран бийлиги Москва менен Киевдин чатагын чечүү боюнча ортомчу болуу аракетин жандандыруу ниетинде. Бул туурасында РИА Новости Иран ТИМинин өкүлү Саид Хатибзадеге шилтеме кылып жазды.
"Биз күчүбүздүн жетишинче жана эки тараптын даярдыгына жараша жардамдашабыз. Кудай буюрса, Иран Ислам Республикасы өзүнүн аракеттеринин жаңы этабын баштамакчы", — деген Хатибзаде.
Ал, мындан сырткары, эки тарап тең Ирандын ортомчулугун кабыл алып жана олуттуу карап жатат деп белгилеген. Хатибзаденин билдиргенине караганда, бул туурасында Иран ТИМ башчысы Хосейн Амир Абдоллахиандын сапары учурунда жана Украина ТИМ жетекчиси Дмитрий Кулеба менен сүйлөшкөндө айтылган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштады. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Мамлекет башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын жана башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Иран Россияга мунай жана газ тармагында кызматташуу боюнча картасын берди