Иран Европанын газ рыногунда Россиянын ордун баса албайт. Эки себеби бар

ЕБ мамлекеттери күйүүчү майдын альтернативдүү импорттоочуларын издеп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Иран Европанын газ рыногунда Россиянын ордун баса албайт. Бирок азыркыдай катаал санкциялар учурунда анын ири импортер болуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын энергетикалык стратегия жана отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Рустам Танкаев билдирди.
Адистин айтымында, Россия Европага жаратылыш газынын негизги импортеру, бирок антироссиялык санкциялардын фонунда ЕБ мамлекеттери күйүүчү майдын альтернативдүү импорттоочуларын издеп жатышат.
"Европа рыногунда Россияны 100 пайызга алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар өлкө — Иран. Ал газ кору боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Иран жыл сайын дүйнөлүк рынокко газ берүүнүн көлөмүн көбөйтүп келе жатат. Коңшу Катар экөө дүйнөдөгү эң ири газ кенинде отурушат", — деди Танкаев.
Бирок ал Ирандан Европага суюлтулган жаратылыш газын жеткирүү өтө татаал болгондуктан пайдасы дагы аз экенин айтты.
"Иран суюлтулган газ ташуучу танкерлерди колдоноюн десе Европадан абдан алыс жайгашкан. Мындай каттамда газдын 50 пайызы жоготууга учурайт. Газ ташуу учурунда жөн эле бууланып кетет", — деди адис.
Ошондой эле ал Ирандын Европанын газ рыногунда Россияны алмаштыра албай турганынын дагы бир себебин түшүндүрдү.
"Идеалында Ирандан газ Европага түтүктөр менен жеткирилиши керек. Бул жол мурунтан эле бар, ал өздөштүрүлгөн. Болгону ага инвестиция салып, кеңейтүү керек. Бирок түтүктүн үчтөн бири Түркия менен тынымсыз согушуп жаткан күрддөрдүн аймагы менен өтөт. Эч бир акыл-эстүү финансист бул газ түтүгүн кеңейтүү долбооруна акча бербейт", — деп эсептейт Танкаев.
Сөзүнүн соңунда адис европалыктар газды дагы башка жактан издеши керектигин кошумчалады.
Иран Россияга мунай жана газ тармагында кызматташуу боюнча картасын берди