Тажикстандын Хорог шаарындагы митингде бир адам каза болуп, алтоо жаракат алды

Жарандын өлүмү боюнча ИИМ менен жергиликтүү тургундардын версиясы эки башка чыгууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Тажикстандын Хорог шаарындагы башаламандыкта бир адам каза болуп, алты киши жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги Ички иштер министрлигине таянуу менен жазды.
ИИМдин маалыматы боюнча, калаадагы митинг криминалдык топ тарабынан уюштурулган. Алар күч түзүмдөрүнө каршы курал колдонуп, бирөө граната жардырып жиберген. Мунун кесепетинен төрт милиция кызматкери жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ал эми митингчилердин бири каза болгон. ИИМ чогулгандарды атайын каражаттарды колдонуу менен таратканын айтууда.
Деген менен социалдык тармактарда башкача версия айтылууда. 29 жаштагы Замир Назришоев күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ колдонгондон кийин ок тийип набыт болгонун жазып жатышат.
Белгилей кетсек, Тажикстандын Хорог шаарында 16-май күнү мэрдин отставкасын талап кылып митингге чыгышкан. Нааразычылык акциясынын себебин өткөн жылкы окуяга байланыштырып жатышат. Анда жергиликтүү тургун милиция кармап жаткан учурда каза болуп калган, бирок ал иш ушул кезге чейин териштирилген эмес.
Бүгүн, 17-майда, Хорогдо кырдаал салыштырмалуу туруктуу, ИИМ жана аскерлер кайгуулду күчөткөн, тергөө жүрүп жатат.
Рахмон Исфара тургундарын кошуналар менен ынтымакта жашоого чакырды