НАТОнун Финляндия жана Швециянын эсебинен чыгышка карай кеңейиши – Россиянын коопсуздугу үчүн жаңы коркунуч. Москва буга Калининграддан Мурманскиге, Балтикадан Баренц деңизине дейре жаңы аскердик бирикме жана жогорку технологиялык сокку уруучу (өзөктүк) куралдарды жайгаштыруу менен жооп берүүгө аргасыз.
Финляндия менен Швеция Түндүк атлантикалык альянс менен мурдатан эле тыгыз аракеттешип келет. Ал эми бүгүн мамлекеттик бейтараптуулугу жана эгемендигинин калдыктарын Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалууга даяр. Хельсинки жана Стокгольмдо ушуга кептеген чечимдер кабыл алынып, ишке ашыруу баскычында турат.
Альянстын өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери 15-майда Берлинде жаңы мүчөлөрдү кабыл алууну талкуулап, муну "тарыхый" окуя катары баалашты. НАТОнун Мадридде өтө турган саммитинде жаңы Стратегиялык концепциясы, кооптуу жана атаандаштык чөйрөгө төп келүү планы кабыл алынмакчы. Эске салсак, 2020-жылдын декабрынан тарта альянс Россияны расмий түрдө душманы жана 2030-жылга чейин негизги аскердик коркунуч катары эсептейт.
Финляндия менен Швециянын Түндүк атлантикалык альянска мүчө болушу Россияга Түндүк-батыш багытында аскердик кооптуулук спектрин бир топ кеңейтет. Согуштук аракеттердин потенциалдуу театры же Балтикадан Баренц деңизине чейинки 2000 чакырымдык фронтту РФ Кургактагы күчтөрүнүн, Аскер-деңиз флоту жана Аба-космостук күчтөрүнүн жаңы бирикме жана бөлүктөрү, жогорку технологиялык сокку уруучу курал, гиперүндүү ракеталык комплекс жана абадан коргонуунун тыгыздалган тутуму менен бекемдейт.
Кечээ Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков РФ Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна моюн сунбастыгын, бул кырдаалды курчутуу, "узакка созулчу кесепеттерге кептей турган жаңылыштык" экенин билдиргени тегин жерден эмес.
Бул кадамга каршылык көрсөтүүнүн аскер-техникалык чаралары Россия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан даярдалып жаткан чыгар. Көрүлчү чаралардын динамикасы жана катаалдыгы чөлкөмдөгү кырдаалдын өнүгүшүнө жараша болору турулуу. Так белгилүү болгону – Москва россиялык чек араларга аскердик коркунуч жаратууга эч кимге жол бербейт.
Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский "бардык варианттарды эске алганы оң" экенин өзөктүк державага коркунуч туудурган өлкөлөрдүн эсине салган. Өзөктүк эскалация да болушу мүмкүн.
Аскердик эскалация
Альянска жаңы мүчө болчулардын аскердик дараметине бир көз жүгүртүп көрөлү. Аскердик күч боюнча Global Firepower дүйнөлүк рейтингинде Финляндия 142 өлкөнүн ичинен 53-орунду ээлеп, Беларустан кийинки сапта турат.
5,6 млн. калкы жана 23 миң армиясы (мобилизациялоо потенциалы – 900 миң киши) бар бейтарап өлкө үчүн бул – дурус көрсөткүч. Кургактагы күчтөрү 200 танк, башка ок өткөрбөс 2000ден ашуун бирдиги, 777 артиллериялык жана 46 ракеталык орнотмо менен куралданган.
Финляндиянын Аскер-аба күчтөрүнүн негизин сокку уруучу 55 учак жана 20 тик учак түзөт. Аскер-аба күчтөрүнүн катарында – сегиз күзөтүүчү катер жана 18 тральщик бар. Жакында эле Хельсинки АКШга F-35A 64 истребители жана маанилүү мобилдик, стационардык буталарды талкалоочу AGM-158 JASSM "аба – жер" тибиндеги, 370 чакырымга чейинки аралыкты багындырчу 120 канаттуу ракеталарына буюртма берген.
Фин басма сөзү батыштын маалымат каражаттарына шилтеме кылуу менен НАТОнун Балкан, Афганистан жана Ирактагы операцияларындагы Финляндиянын өзгөчө ролу, Европадагы мыкты фин артиллеристтери, учкуч жана киберадистери туурасында маалымдап келет. Ошондой эле Финляндиянын танкы Германиядагыга караганда көп дешкени чындыкка коошпойт.
Аскердик кубаттуулугу боюнча Швеция дүйнөлүк рейтингде Польша менен Түштүк Африка Республикасынын ортосунда – 25-сапта. Кандай болсо да кыйла ынанымдуу нейтралитет. Финдерден калкы эсе көп (10,3 млн киши), бирок швед армия алда канча аз – 16 миң гана аскерден турат. Адамдары аз, "темири" арбын. Кургактагы күчтөрүнүн 120 танкы жана башка ок өткөрбөс техникасынан 3370 бирдик, 192 артиллериялык жана 140 ракеталык орнотмосу бар.
Швеция Аскер-аба күчтөрү сокку уруучу 70 учак жана 50дөн ашуун тик учакка ээ. Стокгольмдун сыймыгы – курамында 7 корвет, 5 субмарина, 170 күзөтүүчү тральщик бар Аскер-деңиз күчтөрү.
Жалпылаштырсак, Финляндия менен Швеция кирсе, НАТОнун күчтөрүнүн катарына 39 миң аскер кызматкери, 320 танк, 1000ден ашуун артиллериялык орнотмо, 125 аскердик учак жана 70тей тик учак кошулат. Буга Европанын түндүгүнө карай пайдалуу стратегиялык позицияны да кошсок болот (кургактагы россиялык-фин чек арасы 1000 чакырымдан ашуун аралыкка созулат).
НАТОго мүчө болуу этаптарынан өтүп жатканда улук өнөктөштөрү, айрыкча британиялыктар объективдүү коркунучтар болбосо да "альянска киргенче Швеция менен Финляндиянын коопсуздугун камсыздоо үчүн" Балтика аймагында күчүн көбөйтүүдө.
2021-жылы Wilson Center америкалык аналитикалык борбору тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, альянска кошулууга финдердин 26%га жакыны гана макул болуп, 40%ы каршы болгон. Фин коомчулугу аталган аскердик блокко мүчө болуу маселесин ондогон жылдар бою так чече албай келет. Швецияда да 2022-жылы ушундай сурамжылоонун жыйынтыгы 42% макул, 37% каршы деген көрсөткүчтө болду.
Түндүк Европанын бейтарап өлкөлөрүн Россияга каршы аскердик блокко жоопкерчиликсиз менен тартуу коопсуздукту камсыз кылбастан, АКШ менен НАТОнун алдыдагы агрессиясына кабылтат.
Бүгүнкү күндө Украина – территориясын альянстын күчтөрү өздөштүргөндөн кийин бейтарап өлкөдөгү апааттуу өзгөрүүлөрдүн таасын мисалы. Ал ортодо Польшада Россиянын Калининград облусун демилитаризациялоону сунуштап, НАТОго мүчө болгонуна аз эле болгон өлкөлөр америкалык кожоюндарына көшөкөрлөнүүгө далбасташууда. Ушул себептен Россияга карата абдан агрессивдүү болушууда. Бул – Европа үчүн өтө кооптуу тенденция, ал эми Финляндия менен Швеция үчүн тузак.
Түндүк атлантикалык альянс акысы да, куралдануу жаатында технологиялык артыкчылыгы да жок туруп планетадагы тынчтыкка бүлгүн салып туру. Алгач "кенже союздаштарын" сокку алдына таштоодо. АКШнын тескөөсү менен жамааттык Батыш Россия жана Кытай менен глобалдык аскердик жаңжалга карай бет алды.
Анткен менен дүйнөдөгү акыл калчай билген күчтөр биригип, ал эми Европа жана НАТО мамлекеттер аралык карама-каршылыктар, киевдик режимди курал менен жөнсүз камсыздоо жана өздөрүн кыйынчылыкка дуушар кылчу антироссиялык санкцияларды киргизүү менен өздөрү чабалдап барат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.