Франциялык саясатчы: Европанын Россияга карата саясаты ийгиликсиз аяктайт

Стефан Буффетонун айтымында, Европа 1917-жылга чейин Россия империясы менен союздаш болгонун эстен чыгарбашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Француз саясатчысы Стефан Буффето Европанын Россияга карата саясатын "ыксыз, жаңылылыш иш" деп мүнөздөдү. Бул тууралуу анын жергиликтүү ЖМКларга берген маегине таянып РИА Новости жазды.
Саясатчынын айтымында, Европа 1917-жылга чейин Россия империясы менен союздаш болгонун эстен чыгарбашы керек. СССР кулагандан кийин аны европалык саясатка кайра интеграциялоо жана ошону менен Евразияда тең салмактуулукту камсыз кылуу зарыл болгон. Бирок баары тескерисинче болуп, Европа биримдиги Американын доктринасына баш ийген. Ага ылайык, Батыш Европанын Россия менен жакындашуусун элестетүү кыйын.
"АКШ акыркы жылдары Жакынкы Чыгыштагы саясаты менен дүйнөдөгү туруктуулукту бузду. Бул үчүн европалыктар жапа чегишти. Россияны коркунуч эмес, дүйнөлүк тартипти сактоонун маанилүү элементи катары карашыбыз керек. Аны дүйнөлүк картадан Карл XII да, Наполеон да, Гитлер да өчүрө алган эмес", — деди Буффето.
Буга чейин кытайлык Global Times басылмасы Азиянын, Түштүк Американын жана Африканын көптөгөн өлкөлөрү салттуу түрдө тышкы саясатта блокко кирбеген мамилени карманып, антироссиялык санкцияларды колдоодон чечкиндүү баш тартканын эске салган. Жакынкы Чыгыштын көпчүлүк мамлекеттери да Украинадагы кризис боюнча калыс позициясын кармап турушат.
Иран Европанын газ рыногунда Россиянын ордун баса албайт. Эки себеби бар