"Баатыр эне орденинин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр керек. Көп балалуу энелер Баатыр эне орденин алуу үчүн тиешелүү документтерди тапшырууда айыл өкмөтү, райондук, облустук кеңештерден өтпөй, ортодо калгандар бар. Бул тууралуу Мирлан Самыйкожо Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баатыр эне орденин берүүдө эненин балдарынын жеңил соттуулугу бар же соттолгон мөөнөтү бүтсө, мамлекеттик сыйлык берилиши зарыл.
"Баатыр эне орденинин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр керек. Көп балалуу энелер Баатыр эне орденин алуу үчүн тиешелүү документтерди тапшырууда айыл өкмөтү, райондук, облустук кеңештерден өтпөй, ортодо калгандар бар. Бюрократиялык себептерден улам маселеси чечилбеген учурлар кездешүүдө. Мындан тышкары, оор кылмыш жасаган балдары үчүн энеге аталган наамдын берилиши туура эмес. Бирок балдарынын жеңил соттуулугу бар же соттолгон мөөнөтү бүтсө мамлекеттик сыйлык берилиши зарыл. Мыйзамга ар бир критерийди жазып, кошуп коюу кажет", — деди Самыйкожо.
Ошондой эле эл өкүлү Баатыр эне наамын алган аялдар балдарына медициналык жана билим берүү жаатында жеңилдиктер каралышы керектигин кошумчалады.