Кыргызстанга 50 млн. долларлык айыл чарба техникасы алынат

Министрлик техникалар паркын 10 пайызга жаңылоо милдети турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Дүйнөлүк John Deer компаниясы Кыргызстандын айыл чарба техникасын жаңыртуу үчүн 50 миллион доллар бөлүп берет. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган министрлик, Каржы министрлиги, "Айыл банк", John Deer жана "Евразия групп" компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлган.
"Бүгүнкү күндө 2026-жылга чейин айыл чарба техникаларынын паркын 10 пайызга жаңылоо милдети турат. Учурдагы жабдуулар өтө көп убакыттан бери алмаштырылбай, түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизүүдө", — деди айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.
Ошондой эле ал бул меморандум Кыргызстанда айыл чарба техникасын жаңылоо боюнча масштабдуу долбоордун башталышы болорун белгиледи.
Кара-Кечеде иштегендерге 50дөн ашык жаңы техника берилди