Таласта өткөн кыргыз-казак айтышында Акматбек Султан уулу баш байге алды

Эл аралык айтышка 15 акын катышып, андан калыстардын жогорку упайына татыган сегиз төкмө финалга чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Таласта өткөн Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышында баш байгени Акматбек Султан уулу жеңип алды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Министр Азамат Жаманкулов сыйлык тапшыруу алдында төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүүгө мамлекет тарабынан колдоо үзгүлтүксүз улана берерин айтып, мындай айтыштар башка аймактарда да өткөрүлө тургандыгын белгилеген.
Жыйынтыгы:
Баш байге — Акматбек Султан уулу;
1-орун — Темирбек Матыбаев;
2-орун — Абдылда Нуралиев;
3-орун — Нурлыбек Курманов (казак акыны).
Эл аралык айтышка 15 акын катышып, андан калыстардын жогорку упайына татыган сегиз төкмө финалдык бөлүккө жолдомо алган.
Эске салсак, аталган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү, Улуттук '"Манас" театры жана "Айтыш" республикалык коому менен биргеликте уюштурулган.
Ашыраалы Айталиевге арналган айтыш. Баш байгеге Амантай Кутманалиев ээ болду