Садыр Жапаров: ЖККУ өлкөлөрүнүн ишине сырттан кийлигишүүгө аракеттер болууда

Президент санкциялар согушу да тынчсыздандырып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Азыркы эл аралык кырдаал глобалдык коопсуздук жана дүйнөлүк экономика жактан алып караганда оптимизмди деле жаратпайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинде билдирди.
Анын айтымында, коопсуздукка залакасын тийгизчү коркунучтар жана аскердик-саясий чыңалуу ЖККУ аймагынын бардык чек араларына жетти.
"ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ички ишине сырттан кийлигишүүгө аракеттер болуп жатканы байкалууда. Жыл башында мамлекеттердин бириндеги күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз дароо майнаптуу жооп бере алдык", — деди президент.
Мамлекет башчынын айтымында, баарынан да ЖККУнун түштүгүндөгү чек арадагы кырдаал кооптуу бойдон калууда. Биринчи кезекте Афганистандын кээ бир провинцияларындагы радикалдык диний-террордук түзүмдөрдүн тоскоолдуксуз ишмердүүлүгүнөн улам кооптуулук жаралууда.
"Афган көйгөйү көңүл чордонунда болушу керек деп эсептейм. Ошол эле учурда афган элине колдоо көрсөтүү керек", — деген Жапаров.
Ал санкциялар согушу да тынчсыздандырып жатканын белгилеген.
"Кыргызстандын экономикасы коронавирус пандамиясынан кийин өзүнө келе элек. Эми санкция боюнча кырдаал азык-түлүк жана энергетика коопсуздугуна коркунуч туудурууда. Санкциялардын кесепетин жумшартып, биздин өлкөлөрдө социалдык-экономикалык абалдын начарлашына жол бербөө үчүн аны талкуулап, бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу зарыл", — деген ал.
Ал аталган маселелерди бир жумадан кийин Бишкекте өтө турчу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинде талкуулоо мүмкүнчүлүгү болорун кошумчалаган.
Эскерте кетсек, саммит Москва шаарында өттү. Ага Армения төрагалык кылды.
Лукашенко: НАТО "ким биз менен болбосо, ал — душман" принцибин карманууда