БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага келип түштү. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президентти тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков жана Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат коштоп жүрмөкчү.
Эске салсак, эртең, 16-майда, Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана уюмдун түптөлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата уюмга мүчө болгон мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат. Анда ЖККУнун алкагында маанилүү маселелер — эл аралык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөр, жамааттык коопсуздук системасын жакшыртуу талкууланмакчы.