Токаев Афганистан тараптагы коркунучтарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Афганистандын аймагындагы куралдуу топтордун активдүүлүгү басаңдабай жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Афганистан тараптагы коркунучтарга көбүрөөк көңүл бурушу керектигин билдирди.
"Бул өлкөдөгү туруксуз кырдаал, ошондой эле Афганистандын аймагындагы куралдуу топтордун активдүүлүгү басаңдабай жатканы мурункудай эле коопсуздукка жана биздин мамлекеттердин туруктуулугуна коркунуч жаратат. ЖККУ мындай мүмкүн болуучу коркунучтарды эске алып, Борбор Азиянын түштүк чөлкөмүндөгү коопсуздукту камсыздоого көбүрөөк коңул буруу керек деп эсептейм", — деди Токаев.
Ошондой эле ал ЖККУнун негизги милдети тынчтыкты, туруктуулукту, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө, мүчө-мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоо болуп саналарын белгиледи.
Москвадагы ЖККУ саммити — өлкө башчылардын отуруму өттү. Видео