Тажикстанда эл митингге чыгып, күч түзүмдөрү курал колдонуп таратууда. Видео

Митингчилер шаар мэринин отставкасын талап кылып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Тажикстандын Хорог шаарында митингге чыккандарды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, асманга ок атып таратып жатат. Бул туурасында RT агенттиги жергиликтүү ЖМКларга таянып жазды.
Маалыматка караганда, башалмандыктан алты адам жаракат алган.
Митингчилер шаар мэринин отставкасын талап кылууда. Нааразчылык акциясынын себебин өткөн жылкы окуяга байланыштырып жатышат. Анда жергиликтүү тургун милиция кармап жаткан учурда каза болуп калган, бирок ал иш ушул кезге чейин териштирилген эмес.
Рахмон Исфара тургундарын кошуналар менен ынтымакта жашоого чакырды