Таласта мал жүктөп бараткан унаа бакты сүзүп бир киши каза болду. Сүрөт

Айдоочунун рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 163-чакырымында жүк ташуучу Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзүп, бир адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
1 / 3

Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 163-чакырымында жүк ташуучу Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзүп, бир адам каза болду

2 / 3

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунда мал жүктөп бараткан машинанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен

3 / 3

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы жигит набыт болуп, беш адам ар кандай жаракат алган

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунда мал жүктөп бараткан машинанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы жигит набыт болуп, беш адам ар кандай жаракат алган.
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган эки жаранды унаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Өзгөндө эки автоунаа кагышып, айдоочу уул-кызы менен каза болду. Сүрөт