Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түркия: Россияны жазалоо үчүн кысымды күчөтүү майнапсыз

Дипломат Түркия башынан баштап эле кандуу тирешүүгө каршы болуп келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Анкара Москва менен Киевдин ортосунда кылдат дипломатиялык балансты сактоого милдеттүү, Россияны жазалоо үчүн кысымды күчөтүүнүн пайдасы жок. Бул тууралуу Түркия президентинин расмий өкүлү, башкы кеңешчиси Ибрагим Калын билдиргенин РИА Новости жазды.
"Түркия Россия менен Украинанын ортосундагы чырдын сүйлөшүү жолу менен чечилишине жардам берип, эки мамлекетке карата кылдат дипломатиялык балансты кармап турушу керек. Анкара Москванын аракетине терс көз карашта болгону менен Россияга карата андан катуураак "карателдик" позицияны кармануунун пайдасы жок экенин түшүнөт", — деди Калын.
Дипломат Түркия башынан баштап эле кандуу тирешүүгө каршы болуп келгенин белгиледи.
"Каршылашкан эки тарапка ишенимдүү өнөктөш, ортомчу, фасилитатор, модератор, башкача айтканда, Россия менен да, Украина менен да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кайсы бир кызматтагы кимдир бирөө керек. Биз атайын операция башталгандан тарта ушул позицияны сактай алдык, бул тараптардын баары тең салмактуу позицияны карманышы үчүн жалпы кызыкчылыктагы иш", — деп кошумчалады Калын.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 25-мартка карата Россиянын Куралдуу күчтөрү атайын операциянын биринчи этабынын негизги тапшырмаларын аткарып бүткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Немец генералы Россиянын Украинадагы артыкчылыгын моюндады