РФ лидери: күздө ЖККУнун машыгуулары өтөт, алар Кыргызстанда да болот

Россия лидери пландалып жаткан машыгуулар уюмдун өкүлдөрүнүн жана ЖККУнун күчтөрүнүн тынчтык орнотуучулук мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга, аскердик даярдыгын бекемдөөгө өбөлгө болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Күзүндө Жамааттык коопсуздук келишими уюму биргелешкен бир нече аскердик машыгууларды өткөрүүнү пландап жатат. Бул туурасында РФ президенти ЖККУнун юбилейлик саммитинде айтты.
Эске салсак, учурда Москва шаарында ЖККуга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын аталган уюмдун 20 жылдыгына жана Жаматтык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына арналган юбилейлик саммити өтүп жатат.
"Күзүндө биздин уюм биргелешип Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда аскердик машыгууларды өткөрөт. Бул иш-чаралар биздин мамлекеттердин аскердик түзүмдөрүнүн аскердик даярдыгын жана коорданициялоо деңгээлин, жалпы эле ЖККУнун тынчтык орнотуучулук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга көмөкчү болоруна ишенем", — деген РФ лидери.
Анын айтымында, алдыда ЖККУнун жамааттык күчтөрүн заманбап курал жана техника менен камсыздоо иштери турат. Андан сырткары, аскерлердин ыкчам иш алып баруусун, атайын кызматтар менен аскердик түзүмдөрдүн ийиндеше иштөөсүн жакшыртуу да маанилүү милдеттердин бири.
Путин: ЖККУ алкагындагы өз ара кызматташуу союздаштыктын негизинде ишке ашат