Небере жытын искебеген ата-эне уул-келинин сотко берди. Индиядагы окуя

Эгер бир жыл ичинде бөбөк төрөлбөсө, ата-эне уулунан моралдык компенсация катары 65 миң доллар өндүрүүнү пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Индияда небере жытын искебеген ата-эне уулу менен келинин сотко берди. Бул тууралуу India Today басылмасы жазды.
Санжив менен Садхана Пасаддын айтымында, алар уулун үйлөнтүп жана тоюн өткөрүү үчүн болгон каражатын чачкан. Жалпы 80 миң доллардай кеткен. Алар неберелүү болууну абдан күткөн, бирок алты жыл өтсө да уулу менен келини перзенттүү болгон эмес.
"Балабыздын үйлөнгөнүнө алты жыл болду. Бирок балалуу болууну дагы деле пландаша элек", — деген болочоктогу чоң ата менен чоң эне.
Эгер бир жыл ичинде бөбөк төрөлбөсө, ата-эне уулунан моралдык компенсация катары 65 миң доллар өндүрүүнү пландап жатат. Жубайлардын арызы сотто майдын ичинде каралат.
Ал эми уулу менен келини айыптоолорго үн ката элек. Ошондой эле балалуу болуу тууралуу йлорун да айтышкан эмес.
Индия: жигитинин сырын билип калган кыз тоюнда турмушка чыгуудан баш тартты