БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан тартылган харассментке каршы ролик жарыяланды. Мындан улам Бишкек шаардык милициясы мындай кырдаалга кабылып, коопсуздугуна коркунуч жаралган жарандарды 102 номери аркылуу кайрылууга чакырат.
"Биз харассментке күбө болгондорду кайдыгер болбоого чакырабыз. Эгерде буга чейин кайраттуураак болсок, ыдык көрсөтүүнүн алдын алмакпыз. Келгиле, кайдыгерликти токтотолу", — деп айтылат билдирүүдө.
Харассмент – бул кимдир бирөөгө карата тийишип, ыдык көрсөтүү, асылуу.