Германия Кыргызстандын 15 млн. евро карызын кечип, бир шарт койду

Коюлган талапты аткарса гана KfW банкы карызды жоёт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Германиянын KfW банкы Кыргызстандын 14,9 миллион евро карызын кечип, ал каражатты Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) берүү шартын койду. Бул туурасында финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.
Аталган макулдашуу бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде каралууда.
Татиковдун айтымында, коюлган шарт боюнча өлкө бюджетинен МИКке үч жылда (жылына 5 миллион евродон) каражатты которушу керек. Ушул талапты аткарса гана KfW банкы карызды жоёт.
Ошондой эле бул каражат Ош менен Бишкектен башка региондогу жарандарга ипотекалык кредит үчүн берилери белгиленди.
"Көйгөй жаралды". "Газпром" мектеби бюджетин мэриядан өзүнө алууну сунуштады